15:48, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго каршы пикет өттү.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургундары депутаттын мандатын тапшыруу талабы менен чыгышты.
«Биз Свердлов районунун тургундары Атазовго добуш берген эмесмин. Ал парламентте сөз сүйлөгөндө аны биздин район менен байланыштыргандан уялып кетебиз. Биздин райондун уял кылбай мандатын тапшырсын", - дейт митингдин катышуучусу.
Белгилей кетсек, кечээ Шайлообек Атазов 18-19 жаштардагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз чыгарууга тыюу салууну сунуштады.