15:02, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Сузакта окучуу кыздын сабалышы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын маалыматында, кыздын ден соолугуна жеңил жарат келтиргени аныкталды. Тергөө иштери уланууда.
Ички иштер башкармалыгы кыздын энеси 2 күн мурда милицияга кайрылып, дагы бир жолу мугалимге карата доосу жоктугун айтып, тосмо арыз жазды.
Белгилей кетсек, 23-майда информатика сабагынын мугалими 7-класстын окуучусун сабаган. Мугалимге карата азырынча эч кандай чара көрүлө элек.