Ысык-Көл облусунда 35 тоо текенин өлүгү табылды

11:05, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда 35 тоо текенин өлүгү табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тоо теке ачкалыктан каза болушкан. Региондо кар жаап, жаныбарларга жем жетишсиз болууда.

«Кумтөр» кенинде 11, Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунда 24 тоо текенин өлүгү табылды.

Министрлик мындан да көп жаныбарлар кырылып калышы мүмкүндүгүн айтышууда.