«Кепилдик фонд» ААКсынын уставдык капиталы 6,6 миллиард сомду түздү

10:48, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg

«Кепилдик фонд» ААКсынын уставдык капиталы 6,6 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ишкананын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, фонддун алгачкы жүгүртүү 282 млн сом менен башталган.

2017-жылы 234, 2018-жылы 411, 2019-жылы 271, 2020-жылы 569, 2021-жылы 705 ишкер каражат алып, быйыл 2000дин тегерегинде болоору болжолдонууда.