Украинадагы согуштан дагы бир тажикстандык өлдү

09:29, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн дагы бир Тажикстан жараны курман болду. 22 жаштагы исфаралык Сулаймонхужа Набиевдин сөөгүн жакындары 8-июнда Ростов облусундагы моргдон алып кетишти.

«Сулаймонхужа 2017-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Эки ай мурун ал орус жарандыгын алган жана Санкт-Петербургда каттоого турган. Ал жерден аны армияга алып кетишкен. Мен билгенден, ал Чеченстанда Гронныйдагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн. Качан Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билбейбиз», — деди маркумдун агасы Мерож Солиев.

Украин басылмалары тараткан маалыматка караганда, Украниада орус армиясынын курманда борбор азиялык 6 миңдей киши согушууда, алардын арасында 100дөй тажикстандык бар. Иш жүзүндө канча тажикстандык жортуулда экени белгисиз. Ушул күнгө чейин кеминде он тажикстандык Украинада окко учту. Бул маалыматты алардын жакындары ырасташууда.