Окууну 1-сентябрдан баштоо петициясы түзүлдү. Ата-энелер кол топтоодо

12:12, 09 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда окуучулардын ата-энелери мектептерде окууну 1-сентябрдан баштоо боюнча петиция топтоодо. Учурда ага 369 адам кол койду.

«Мен окуучунун апасы катары Кыргызстанда «1-сентябрдан 25-майга чейинки» кадимки окуу убактысын «15-сентябрдан 9-июнга чейинкиге» өзгөртүлгөндүгүнө такыр каршымын. Мен бул жылдырууну туура эмес деп эсептейм. Курорттук мезгилди узартуу үчүн окуунун башталышы узартылганы айтылууда. Бирок, биздин кескин континенттик климатыбыз аба ырайына карата (өзгөчө сентябрь) кандайдыр бир план түзүүгө мүмкүндүк бербейт. Ал эми жаздын аягы — жайдын башталышы бизде дайыма ысык болот. Балдар жана мугалимдер аба ырайынын ысыктыгынан кыйналып калууда. Менин пикиримди тең бөлүшкөндөрдүн бардыгын петицияга кошулууга үндөйм », - деп жазган окуучунун апасы.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эгер билим берүү министри жылдыруу боюнча сунуш киргизсе, министрлер кабинетинин жетекчиси катары бул демилгени колдой турганын билдирген.