Ош шаарынын казысы болуп Мырза Осмонов дайындалды

15:15, 06 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын казысы болуп Мырза Осмонов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Алардын билдирүүсүндө, Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.

2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган. 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин билет.