Айпери Медет кызы Алматыдагы эл аралык мелдештин финалына чыкты

14:49, 03 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 76 кг салмакта катышууда. Жарым финалда индиялык спортчуну ышкырык жанганда эле белине өтүп, үч-төрт жолу айлантып, мөөнөтүнөн мурда (10:0 эсебинде) жеңишти илип кетти.

Финалда Айпери египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.