Кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атылды

13:50, 03 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, атышуу 12.00 Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде башталган.

Ок атышуу эки өлкөнүн чек ара кызматы ортосунда катталды.

Райондун акими Учкун Жоробаевдин маалыматында, аймакта ахыбал тынч.

«Атышуу айылдардан алысыраак жерде болду. Ага жергиликтүү тургундар катышкан жок», — дейт ал.