Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганы айтылууда

18:42, 02 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганы айтылууда. Активист Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасына министр Алымкадыр Бейшеналиевге окшош адамды атайын даярдыктагы чүмбөттөлгөн ыкчам кызматкерлер министрликтин имаратынан кармап, автоунаага салып жатканы тартылган видео таратты.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул иш боюнча маалымат бере элек.