Садыр Жапаров: Балдар – ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги!

11:52, 01 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн «Наристе» II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына жубайы Айгүл Жапарова менен катышты.

Мамлекет башчысы балдар күнү менен куттуктап, «Наристе» II эл аралык оозеки чыгармачылык фестивалынын ачылышын кубаттады.

«Балдар — ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги, ой-кыялы, үмүт-тилеги! Тигил же бул мамлекеттин Президентинен баштап, катардагы жаранына чейин «Балдар — келечек ээлери!» деп, аларга кам көрүүгө, ар тараптан татыктуу тарбия, терең билим берүүгө умтулуп, мамлекетти алга сүрөп кете турган адамдардан болуп чыгышын Жараткандан тилек кылышат», — деди ал.

Фото