17:21, 31 мая 2022, Бишкек - 24.kg
Муфтият дин кызматкерлерине бирдиктүү форма даярдады. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Жалпысынан 3 мин 800 кийим төгүлдү. Аны бүгүн муфтий Замир Ракиев Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин имамдар үчүн ак чапан тигилип, таркатылган.