Мунапыс берилген 73 соттолгон жарандын 11и кайра кылмышка барган

12:40, 31 мая 2022, Бишкек - 24.kg

2021-жылы 1 миң 52 соттолгон жана эркинен ажыратылган жаранга мунапыс берилген. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, берилген мунапыстын негизинде 73 киши абактан бошотулган.

«73 киши абактан бошотулуп, 14 кылмышкерге карата абактан качуу аракети боюнча иш токтотулган. Түрмөдө олтурган 965 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган. Бошотулгандардын 11и кайра кылмыш жасап, колонияга кайтып келишкен», — дейт ал.

Аскат Эгембердиевдин айтымында, бүгүн 1 миң 800 адам кайра кылмышка барып, соттолуп абакта кармалууда.