«Алга» футбол клубуна жаңы жетекчи дайындалды

10:59, 31 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен легендарлуу «Алга» футбол клубуна Мирлан Айталы жетекчи болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал «Себат» кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү. Борбордук Азиядагы Америка университетинде бакалавр даражасын алган. Ошондой эле ал Лондон LEICESTER COLLEGE OF PROFESSIONAL STUDIES Изилдөөлөр колледжинде бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 2002-жылы КООРТ ЖАКсында маалымат кызматынын кабарчысы жана спорт журналисти болуп иштөөдөн баштаган.

2005-2006-жылдары кабарчы жана диктор болуп иштеген. 2018-жылдын май айынан бери «Бешинчи канал» ЖАКнын аткаруучу директору, «Борбор» жана «Ойбүгүн» теледолбоорлорунун алып баруучусу.

Маалымдама: «Алга» СССР маалынан бери Кыргызстанда белгилүү жана күчтүү клуб болуп, СССРдин чемпионатына тынымсыз катышып, Биринчи лигада жалпысынан 27, Экинчи Лигада 16 сезон өткөргөн. «Алга» — Экинчи Лигада турнирди жеңип, Биринчи Лигада бирден ашык сезон ойногон жалгыз кыргызстандык клуб.

2008-жылдан 2014-жылга чейин Лондондун Фулхэм футбол клубунун системасында толук эмес иштеген (Fulham FC).