Садыр Жапаров ЕАЭБтин президенттерине чек арадагы тоскоолдуктарду айтты

18:03, 27 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров уюмдун ички рыногундагы тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушуулардын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал уюмга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин онлайн жолугушуусунда айтты.

«Көп учурда тоскоолдуктар биздин мамилебизди бузуп, Биримдиктин терс имиджин жаратат. Мен мындайга жол берүүгө болбойт деп эсептейм. Түшүнүктүү болуш үчүн, урматтуу кесиптештер, мен бир эле мисал менен бөлүшкүм келет: 2021-жылы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Россия Федерациясына айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы. Бул изилдөө көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдөн Россия Федерациясына бир нече бажы постторунан өткөн товарларды жеткирүү ылдамдыгы Кыргызстандан келген товарларга караганда кыйла тез жана арзаныраак», — деди ал.