Украинада дагы бир кыргыз жигит каза болду

12:18, 27 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада дагы бир кыргыз жигит каза болду. Бул тууралуу «МК» басылмасы Сахалин облусунун губернатору Валерия Лимаренкого шилтеп билдирди.

Түштүк-Сахалин аймагынын тургуну 18 жаштагы Сыргакбек Өзүбеков 18-май күнү каза тапкан. 

Фото

Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын аскерлеринин катарында согушуп жүргөн үч этникалык кыргыз мерт болду:  Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин жана  Исламжан Камилов. Алар үчөө тең Россиянын жарандыгын алышкан. 

Кыргыз жарандарына чет өлкөдө куралдуу кагылышууларга катышууга тыюу салынган.