10:37, 24 мая 2022, Бишкек - 24.kg
21-майда Баткен облусу боюнча 10-11-класстар арасында «Окурман окуучу» аттуу китеп окуу сынагы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Сынак Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы жана Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча өтүп, ага 249 мектептен 3 миңден ашык окуучу катышты.
Долбоор Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 850 миң сомду түздү.
Жыйынтыгында Дубайга жолдомону төрт окуучу утуп алды:
— Айнура Жулдиева — Лейлек районунун Достук орто мектеби;
— Жасмина Кумарбек кызы — Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак мектеби;
— Акмөөр Ибраимова — Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов орто мектеби;
— Альбина Ботобаева — Кызыл-Кыя шаарындагы Темир Иметов орто мектеби.
Уюштуруучулардын маалыматында, Дубайга бешинчи жолдомо облустун мыкты мугалими деп табылган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго ыйгарылды.
Сынактын калган катышуучуларына баалуу белектер ыйгарылды.