Нарындагы жол кырсыгында төрт адам каза тапты

12:20, 19 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун  Бишкек – Нарын – Торугарт  унаа жолунун 125-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 4 адам (1999-ж.т. М уулу К. -эркек, 1950-ж.т. И.К -аял, 2 кыз –2009-ж.т. С.А., 2017-ж.т. С.А.) каза болуп, 2 эркек (1999-ж.т. М уулу Ы., 2006-ж.т. Д.Ө.) жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.