Филармониянын жанындагы инсталляция калыбына келтирилди

15:22, 17 мая 2022, Бишкек - 24.kg

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляцияны жана декоративдик оймо-чиймелерди жаңыртышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, металлдан 12 атайын тирөөчтөрдү жасашкан. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба-ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон пайдубалы орнотулган.

Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү жарыктар оролду.

Ошондой эле адистер жарык берүүчү шарларды жууп-тазалашты.