17:36, 16 мая 2022, Бишкек - 24.kg
Студенттерге жасалма электрондук виза саткан Өзбекстан жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган студенттерге — Өзбекстан жарандарына Кыргыз Республикасынын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн Өзбекстан жараны А.Ш.Р.дын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып ага бөгөт коюлду.
Ушул жылдын 12-майында Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.
Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.