09:53
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Кыргызстандын калкынын 50 пайыздан ашыгын аялдар түзөт

2022-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 398 миң аял же жалпы калктын 50,4 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 250 миң аял (алардын жалпы санынын болжол менен 37%), айыл жеринде — 2 миллион 149 миң (63% дан ашык) жашайт.

2021-жылы республиканын 15-55 жаштагы 150 миңден ашык аялдары эне болушту. Эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы болжол менен 23 жашты түзгөн. Эң жаш энелер, алардын биринчи баласы төрөлгөндө, 21-22 жаштагы, Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% га жакыны биринчи жолу, ал эми 35% га жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13% га жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды.

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Ошентип, 2021-жылы 1244 эгиз төрөлсө (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, төрөттүн аралыгы эки жылга чейинки төрөлгөн балдардын үлүшү 32% дан жогору, үч жыл жана жогору аралыкта 42 % жакын болгон.

2000-жылдардан баштап, Кыргызстанда төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,0 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби