БУУ Кыргызстандагы ыдыкка каршы чыгууга үндөдү

10:01, 13 мая 2022, Бишкек - 24.kg

БУУ Кыргызстандагы ыдыкка каршы чыгууга үндөп, бул темага арналган ролик тартты.

«Биз өзүбүз байкабасак да, күнүгө ыдык көрсөтүү учурларына күбө болобуз. Балким биз мындай учурларга кайдыгер карабаганда, адамдын жеке мейкиндиги бузулушун алдын алмакпыз. Келгиле, үн каталы! Ошондо гана ыдыкка каршы тура алабыз!» — дешет роликтин авторлору.

Тасма Евробиримдик менен БУУнун «Тендик нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосунда ишке ашырылды.