Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир Хан «Барселона» клубунда машыгууда

11:36, 12 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир Хан «Барселона» клубунун жаштар командасынын курамына кирди. Бул тууралуу Кыргыз футболдук биримдиги билдирди.

Эмир Хан Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу. Ал буга чейин «Перужа» клубунда машыккан.