10:53, 12 мая 2022, Бишкек - 24.kg
Бишкек — Ош жолунун 595-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдыыл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда 1991-жылы туулган М.Н. каза болуп, 9 киши ар кандай жаракат алышкан.
Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денесин жана оор жаракат алган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. 4 куткаруучу тартылып, жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.