17:49, 10 мая 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандагы 23 банктын 16сы чет элдик капиталдын катышуусу менен иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Маалыматка караганда, региондордо банктардын 316 филиалы иш алып барат.
Коммерциялык банктар 2021-жылы кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5% көбөйүп, 36 млрд. сомду түздү.
Банк тармагында 17 миңге жакын жумушчулар иштейт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 5 миллионго жетти.
2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде 24% көбөйүп, 358 млрд. сомду түздү.
2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 180 млрд. сомду ашып жана 2020-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 11% көбөйдү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека саналган.