Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйдү

13:30, 10 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 424 млн. метр кубга жетти.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 1 миң 313 метр куб суу агып кирүүдө. Ошол эле учурда суу чөйчөктөн секундасына 245 метр куб суу агып чыгууда.