Кыргызстанда 194 балык чарбасы катталган

12:10, 10 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталган, анын ичинен 30 чарба балык жана балык продукцияларын Россияга, Казакстанга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттойт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда товардык балыктын эки түрү өстүрүлөт — карп жана кубулжума форели (радужная форель). 2021-жылы товардык балык өндүрүү 10 миң 344 тоннаны түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139 тоннаны түзгөн.

Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен бирге экспорттук мүмкүнчүлүктөр да өсүүдө. Эгерде 2020-жылы экспорт 3 миң тоннадан бир аз ашык болсо, 2021-жылы экспорт 5 миң тоннадан ашкан. 2021-жылы Кыргызстандан 5139 тонна балык жана балык продукциялары экспорттолгон.

2021-жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтарында балыкты жасалма жолу менен көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Ысык-Көл форели, сига-лудога, карп-сазан жана башка балык түрлөрүнүн бардыгы болуп 17 миллион 600 миң даана майда чабактары чыгарылган.