11:23, 03 мая 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымал. Бул тууралуу респбликалык штабдан Телеграм каналына жарыяланды.
«Ошол мезгилге чейин иммунитетти чыңдоо керек. Организмде вируска карата антителолорду иштеп чыгуу да маанилүү. Вакцина — бардык ооруга даба эмес, бирок өмүрлөрдү сактайт.
Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар. Алардын ар биринин натыйжалуулугу жогору», — деп жазылат маалыматта.