COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

11:19, 03 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 5 адам дарыланууда, сакайгандар жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 405 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.