12:17, 29 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка караганда, Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00до башталмакчы.
Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — Куттуктоолор;
07:30 — Айт намаз.