Шаар күнүндө бишкектиктерди кандай иш-чаралар күтөт?

11:10, 29 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

29-апрелде Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленет. Бул күнгө арналган иш-чаралар борбордун төрт районунда өткөрүлөт, деп билдирет мэриянын басма соз кызматы.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда бүгүн саат 13:00дө Профессор Зима жана Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде «Ак-Босого» конушунда «Ыр кесе» сынагы өткөрүлөт. Коноктор үчүн улуттук тамак-аштар коюлган боз үйлөр тигилет. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар жана элдик фольклордук чыгармалардын, "Шайыр апалар«элдик ансамблинин концерти уюштурулат.

Саат 12.00 «Коломто» муниципалдык мекемесинде туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн майрамдык сый тамак уюштурулат.

Ленин районунда бүгүн «Аязат» кризистик борборунда майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Свердлов районунда «Чыгыш-5» кичи районунда «Чыгармачыл Арбат» аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп жатат. Ал жерде сүрөтчүлөрдүн аянты — мольберттердеги сүрөттөр, балдардын кол өнөрчүлүгү жана мектеп окуучуларынын сүрөттөрү көрсөтүлөт.

Октябрь районунда «Ынтымак-2» сейил багында майрамдык концерт, элдик майрамдар, соода жарманкелери, улуттук тамак-аштардын фестивалы болот. Ошол эле жерде саат 20.00дөн 23.00гө чейин «Скай Мобайл» ЖЧКсы Бишкек шаарынын күнүнө карата иш-чараларды уюштурууну пландаштырууда.