COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

09:09, 29 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 9 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 400 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.