09:20, 28 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус дагы 1 адамдан аныкталды. Вирус жугузган адам Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 10 адам дарыланууда.
«Ал эми бир суткада 3 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 400 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.