12:28, 27 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Өлкө президенти Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине көзөмөл органдарындагы булактар билдирди.
Алардын айтымында, мамлекет башчысы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барган.