Кыргызстан жараны 100дөн ашуун паспортту Түркияга алып бараткан жеринен кармалды

10:09, 27 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 26-апрелде «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда, азыр Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар.

«Биз жарандарга айына 50-60 миң паспорт беребиз. Жылына 500-600 миң паспорт берилет. Эски системада жоготтум деп коюп, башкаларга сатылган учурлар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүп жатат, көп нерсени айта албайм. Мунун артында көп кишинин катышы бар экен. Ош облусу боюнча жети киши камакта», — деди ал.

Иманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктай албай турганын, чет өлкөнүн жарандарына сатылышы мүмкүн деген документтер эски паспорттор экенин кошумчалады. УКМК маалымат берген жок.