09:53, 27 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус дагы 1 адамдан аныкталды. Вирус жугузган адам Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 11 адам дарыланууда.
«Ал эми бир суткада 4 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.