09:25, 26 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө коронавирустан амбулатордук түрдө 14 адам дарыланууда.
«Ал эми бир суткада 7 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 393 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.