Президент: Чет өлкөлүк меймандарды тосконго шарт начар

15:46, 25 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигине кеңири маек берди.

Жаңы «Ак үй» куруш керек дегендер аргумент катары «чет элдик меймандарга уят болбойлу» дешти аткаминерлер. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?

«Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавхат Миромонович Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. «Эч бир президент келбеди» деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет», — деди Жапаров.