14:28, 25 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигине кеңири маек берди.
Айрымдар, «Ак үйдү» коюп, айыл, мектеп салышса болмок дегендер болду. Мектептер, социалдык объектилер курулуп атабы, деген суроо узатты журналист президентке.
«2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү.
Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган.
Андан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен 113 социалдык объектинин курулуштары бүткөрүлдү, анын ичинен:
Бул объектилерге каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы 2 миллиард 887 млн сомду түзөт.
Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат. Башталып жаткандары дагы бар. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына эле 15 мектеп, бир бала бакча салып жатабыз. Сентябрда ишке киргизебиз. Ушулар менен бирге «Ак үй» да курула берсе жаманбы? Башка тармактардагы курулуштарга ак үйдүн эч тоскоолу жок. Завод-фабрикалар дагы салынып жатат. Алар жөнүндө өкмөткө тапшырма берем. Жакынкы араларда кайсыл жерде кандай завод-фабрикалар салынып жаткандыгын толук видеоотчет менен беришет. Өлкө ичиндеги аэропортторду жандандырып жатабыз. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам. Былтыр «Манас» аэропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы — Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат», — деди Садыр Жапаров.