Ишимди сындагандан көрө, колдоп тургула, өкүнбөйсүңөр. Президент интервью берди

13:31, 25 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигине кеңири маек берди.

Журналисттин алгачкы суроосу жаңы курулуп жаткан «Ак үй» тууралуу болду. Азыр жаңы имарат куруунун зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп аткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу? Буга чейин өзүңүз эле сарамжалдуулукка чакырып аттыңыз эле...

«Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын.

Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыттар өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат. Бул имарат эмне үчүн салынып жатат деп суроо берсеңиз туура болмок. Убакыттар өткөн сайын заман өзгөрүп жатат. Эл өсүп жатат. Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коебуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат», — деди Жапаров.

«Манас» айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле «Манас» айылынын жери кирип кеттиби?

««Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми «Ак үй» менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына «Манас» театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан «жакшы иш болуптур» деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр», — деп жооп берди президент.