09:44, 25 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус дагы 7 адамдан аныкталды. Вирус жугузган адам Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 бейтап, амбулатордук түрдө 18 адам дарыланууда.
«Ал эми бир суткада 9 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 5, Чүй облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 386 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.