18:18, 21 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда жапониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде жеңип алды.