Быйыл Меккеге зыяратка Кыргызстандан 2 миң 766 жаран бара алат

10:02, 21 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Быйыл Меккеге зыяратка Кыргызстандан 2 миң 766 жаран бара алат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Алардын маалыматында, Сауд Арабия 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы эки жылдык чектөөдөн кийин быйыл чет элдик жарандарга дагы ажылык сапарга келүүгө уруксат берип, жалпысынан 1 миллион зыяратчыны кабыл алмай болду.

Бирок, быйыл зыяратчыларга талаптар бар. Ага ылайык ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуп, COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу шарт. Андан тышкары, COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктөрү талап кылынат.

Орозо айт Кыргызстанда 2 - майда белгиленет. Ал эми ажылык сапар августь айына туш келет.