10:53, 20 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
«Түндүк электр» ААКсы электр энергиясын керектөөчүлөргө болгон карызы тууралуу өз убагында маалымдоо максатында мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тиркеме керектөөчүгө электр энергиясы үчүн болгон карызы жөнүндө маалымдайт жана төлөм өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абонентке күн сайын эскертүү келип турат. Тиркеме ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшүндө өчүрүү аймактарынын тизмесин, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькуляторду, жаңылыктарды жана башкаларды көрсөтөт.
Пайдалуу программаны Play Market жана AppStore тиркемелеринен «Түндүк электр» ААКсы" издөө тилкесиндеги суроо-талап боюнча жүктөп алсаңыз болот. Жүктөп алгандан кийин, сиз суралган маалыматтарды киргизүү менен каттоодон өтүшүңүз керек.