Акжол Махмудов күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

11:44, 19 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудов 77 килограмм салмагында Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда ал кореялык балбанды жыга чапты — 4:1.

Ал эми чейрек финалда биздин балбан Иран спортчусун 9:1 упайы менен жеңип чыкты.

Эске салсак, 19-24-апрель күндөрү Улан-Батордо (Монголия) күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.