12:18, 18 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Тажикстан менен чек араны тактоо иштери жай жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан менен 308 чакырым чек ара сызыгы тактоосуз.
«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырым тилкесин такташып бүттүк. 308 чакырымы калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды», — дейт президент.
Эскерте кетсек, чек аранын 519 чакырым тилкеси бир нече жыл мурда макулдашылган. Президенттин маалыматына таянсак, Кыргызстан мене Тажикстан акыркы жылда дагы 150 чакырым жерди тактоого жетишти.