USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

«Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында бир күндө 900дөн ашуун көчөт отургузулду

09:35, 18 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

«Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында бир күндө 900дөн ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан борбордун Свердлов, Биринчи Май, Октябрь жана Ленин райондорунда 920га жакын көчөт отургузулду.

Кара жыгач сейил багына, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, Өкмөт аянтында жана Бишкектин башка жашыл аймактарында көчөт отургузуу иштери таң эрте башталды.

Борбор калаанын мэриясы шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган шаардыктарга жана уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Бул борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон чоң салым жана урпактарга эң жакшы мурас.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика