USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

COVID-19. Бир суткада 7 кишиден вирус аныкталды

09:05, 15 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус дагы 7 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 5, Чүй облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада Бишкекте 2 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18