«Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти», — деп жазылган Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта.
Өз кезегинде Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» агенттиги Мухриддин кыргыз чек арачыларынын аракеттерин айыптаганын кабарлады.
«Мухриддин кыргыз чек арачыларынын аракетин айыптап, окуя боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылды», — деп жазды агенттик.