16:43, 14 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи Май районунун акимиаты митингдерди өткөрүү жайларына убактылуу чектөө коюу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет
Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия элчилигинин имараттарынын жанында, Ала-Тоо аянтында, Президент администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүү жерин чектөө боюнча Биринчи Май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.
Бул чектөөлөр күчүнө кирди жана 2022-жылдын 13-апрелинен 1-сентябрына чейин (кошкондо) күчүндө болот. Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.